ФАКУЛЬТЕТТИН МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРИ ЫСЫК-КӨЛДӨ ЖУРНАЛИСТТИК КУРСТА БОЛУШТУ
Posted By: Admin Дата: 2021-12-24 16:11:43 Просмотров:2573

 И. Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин Журналистика багытында окуган студенттер Ысык-Көлдө “Мыкты калем” конкурсунун негизинде уюштурулган журналисттик окууларга катышып келишти. Журналисттик окуу бир нече  чакырылышта уюштурулуп, ага факультеттин 7 студенти катышты.

“Мыкты калем” конкурсу жогорку окуу жайлардын журналистика багытынын жогорку курстары арасында уюштурулган.

Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында болуп,  ар бир чакырылыш 3 күндук окуу, Кыргызстандагы таанымал практик- журналисттеринин катышуусу менен уюштурулуп, студенттердин кесиптик денгээлин көтөрүүгө, өз кесибин сүйүп, ага шыктандырууга багытталган. Окууга Кыргызстандагы журналистика багыты окутулган жогорку окуу жайлардагы студенттер алдан ала тандоодон өткөндөн кийин гана чакырылды.

Студенттер журналист катары кандай маселени алып чыгууга кызыкканы тууралуу дил баян жазып, материал даярдашкан.Биз окуудан журналистиканын түрдүү сырларын, ыкмаларын, видео тартканды, жанылык менен иштегенди үйрондук. Теориялык алган билимибизди парктика менен айкалыштырууга мүмкүндук болду, уюштуруучуларга абдан ыраазыбыз- дейт курстун катышуучусу Нурайым Муратова.


Top