Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде МААЛЫМАТ ТАРАТУУДАГЫ ЖООПКЕРЧИЛИК аталыштагы конок лекция уюштурулду
Posted By: Admin Дата: 2022-04-11 16:06:36 Просмотров:1575

8-апрелде И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде “Маалымат таратуудагы жоопкерчилик” деген темада конок лекция болуп өттү.

Лектор катары Алтынай Исаева чакырылды. Алтынай Исаева - “Медиа Полиси Институту” коомдук фондунун юристи. Адистешкен тармагы: ММКнын ишин укуктук жактан жөнгө салуу, маалымат алуу жана сүрөткө тартуу укугу, сөзэркиндиги жана сөз эркиндигинин эл аралык стандарттары ж.б. 

Лекцияга “Эл аралык мамилелер” адистигинин студенттери катышып, абдан кызыктуу маанайда өттү. Студенттер көптөгөн жаңы, керектүү маалыматтарды алышты. И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети Алтынай Исаевага терең ыраазычылык билдиребиз! Иш-чаранын уюштуруучусу - факультеттин Аймак жана маданият таануу кафедрасы.


Top