Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин ага окутуучусу М.Б.Суранчиева 7- апрелге карата студенттерди «Ата -Бейит» алып барды
Posted By: Admin Дата: 2022-04-15 15:24:24 Просмотров:658

«7-апрель, элдик революция» күнүнө карата «Ата - Бейит» тарыхый мемориалдык комплексине 1-курстун Пп(а)-1-21 жана Пп(в)-1-21 тайпасынын студенттерин алып барды. Экскурсия учурунда, студенттерге бул күндүн мамлекетибиз үчүн маанилүүлүгү тууралуу айтылды.

Болуп өткөн окуялар менен тааныштыруу максатында студенттер өз ара ойлору менен бөлүштү. Ошондой эле, Ата-Бейиттин келип чыгыш тарыхы, кыргыз совет интеллигенциясынын Сталин учурунда, жалган жерден репрессияга кабылган агартуучулары жөнүндө ошондой эле, репрессия курмандыктарына арналган музейге барып сакталып калган документ, жеке буюмдарын да көрө алышты.  Үркүндүн 100 жылдыгына арналган монументке да күбө болушту. Дүйнөгө белгилүү кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун күмбөзүнө барып кайтышты.

Иш-чаранын максаты жаш муундарды ата-бабалардын басып өткөн тарыхы менен тааныштыруу, залкар инсандардын бизге калтырган мурасын аздектеп сактап жүрүүгө үндөө.


Top