Махабат Суранчиева "Оозеки тарыхты калыптандыруу” деген аталыштагы семинарга катышты
Posted By: Admin Дата: 2022-04-15 15:33:29 Просмотров:3294

Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин Чыгыш тилдери кафедрасынын ага окутуучусу Суранчиева Махабат “Класста жана класстан тышкары окуу аркылуу оозеки тарыхты калыптандыруу” деген аталыштагы семинарга катышты. 

Аталган иш-чараны Борбордук Азиядагы Америка Университети, Борбордук Азиянын Оозеки Тарых Ассоциациясы жана OSUNдун Эксперименталдык Гуманитардык Тармактары биргелешип уюштурган.

Семинар 2022-жылдын 29-31 мартында Ысык-Көл облусунун Булан сөгөттү айылында болуп өттү. 

Семинар Кыргызстандагы оозеки тарых боюнча иштеген тарыхчыларды, окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү жана мугалимдерди оозеки тарыхтын ар кандай практикалары менен тааныштыруу максатында уюштурулду.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар долбоорду пландаштыруу, интервью алуу, суроолорду түзүү , укуктук жана этикалык маселелер, жеке жана аралыктан интервью алуу ыкмалары, транскрипциялоо практикасы, архивдөө, жазуу жабдууларын колдонуу, маалыматты башкаруу сыяктуу темалар камтылган маалымат ала алышты.


Top