КМУнун чыгыш тануу факультетинин студенттери Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана тарых факультети уюштурган “Чыгыш тилдери боюнча II Республикалык сынакка” катышып келишти
Posted By: Admin Дата: 2022-04-28 13:40:25 Просмотров:777

 

     Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин студенттери жана окутуучулары Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана тарых факультетинин Чыгыш таануу кафедрасы тарабынан уюштурулган “Чыгыш тилдери боюнча II Республикалык сынакка” катышып келишти.

      Аталган сынакка Кыргыз Улуттук университети, Ош мамлекеттик педагогикалык университети, Ош мамлекеттик университетинин жана И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин студенттери катышты.

      Сынакка катышкандар Түрк, араб, корей, кытай тилдеринин ар кыл деңгээлдери боюнча күч сынашты.

      Жыйынтыгында, И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин студенттери төмөндөгүдөй орундарга татыктуу болушту:

1.   Түрк тилинен 1-орун Ниязбек кызы Айзат МО 1-19;

2.   Кытай тилинен 1-орун Болчурова Айкерим Ф 1-18;

3.   Корей тилинен Аманова Айсулуу 2 – деңгээл боюнча 1-орун  МО 1-20;

4.   Корей тилинен Оболбекова Нуркыз эң жогорку 5 - деңгээл боюнча 3 – орун Ж-1-19;

5. Корей тилинен Мамбетова Бубайша угуп түшүнүү боюнча жогорку баа алып, Сертификатка ээ болду – Ф(М)1-1-21;


Top