Курс И.Арабаев атындагы КМУнун өтүнүчү менен өтүп, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын журналистика жана текст менен иштеген лингвист окутуучулары катышты. Алар беш күн бою «Медиатекст жана санариптик чөйрө: көйгөйлөр жана өз ара аракеттенүүнүн келечеги» аттуу темада лекцияларды угуп, практикалык иштерине катышышты. Курс онлайн форматта И.Арабаев атындагы КМУнун платформасында болуп, аны уюштурууга Россиянын Элдердин достугу университетинин массалык коммуникация кафедрасынын окутуучусу К.Касмалиева жана КМУнун эл аралык иштер бөлүмүн жетекчиси А.Борубаева, Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы З.Алымкулов, журналистика кафедрасынын башчысы Ш.Искендерова катышты.
Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин студенттери жана окутуучулары Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана тарых факультетинин Чыгыш таануу кафедрасы тарабынан уюштурулган “Чыгыш тилдери боюнча II Республикалык сынакка” катышып келишти. Аталган сынакка Кыргыз Улуттук университети, Ош мамлекеттик педагогикалык университети, Ош мамлекеттик университетинин жана И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин студенттери катышты. Сынакка катышкандар Түрк, араб, корей, кытай тилдеринин ар кыл деңгээлдери боюнча күч сынашты.
Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин Аймак жана маданият таануу кафедрасынын доценттери Абалова Н.Ж., Молдокулова Д.Т. Эл аралык Ала-Тоо университетинде болуп өткөн “Гендер философиясы: теория жана практика” деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келди. Конференция22-апрелдеЭл аралык Ала-Тоо университетинин алкагында өткөрүлүп, философия илимдеринин доктору, профессор Эдилова Мариям Миталиповнанын 70 жылдыгына арналган.
Махабат Суранчиева "Оозеки тарыхты калыптандыруу” деген аталыштагы семинарга катышты
Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин Чыгыш тилдери кафедрасынын ага окутуучусу Суранчиева Махабат “Класста жана класстан тышкары окуу аркылуу оозеки тарыхты калыптандыруу” деген аталыштагы семинарга катышты. Аталган иш-чараны Борбордук Азиядагы Америка Университети, Борбордук Азиянын Оозеки Тарых Ассоциациясы жана OSUNдун Эксперименталдык Гуманитардык Тармактары биргелешип уюштурган. Семинар 2022-жылдын 29-31 мартында Ысык-Көл облусунун Булан сөгөттү айылында болуп өттү.
«7-апрель, элдик революция» күнүнө карата «Ата - Бейит» тарыхый мемориалдык комплексине 1-курстун Пп(а)-1-21 жана Пп(в)-1-21 тайпасынын студенттерин алып барды. Экскурсия учурунда, студенттерге бул күндүн мамлекетибиз үчүн маанилүүлүгү тууралуу айтылды. Болуп өткөн окуялар менен тааныштыруу максатында студенттер өз ара ойлору менен бөлүштү. Ошондой эле, Ата-Бейиттин келип чыгыш тарыхы, кыргыз совет интеллигенциясынын Сталин учурунда, жалган жерден репрессияга кабылган агартуучулары жөнүндө ошондой эле, репрессия курмандыктарына арналган музейге барып сакталып калган документ, жеке буюмдарын да көрө алышты. Үркүндүн 100 жылдыгына арналган монументке да күбө болушту. Дүйнөгө белгилүү кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун күмбөзүнө барып кайтышты.