• Чыгыш таануу жана Эл аралык мамилелер факультетинин студенттери аралыктан окутууда чыгармачылыктарын көрсөтүүдө

    Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде окутуу онлайн режимине жүргүзүлүүдө. Студенттер менен кайтарым байланыш АВН, Ватсап, телеграмма, zoom, почта аркылуу жүргүзүлүүдө. Азыр ар ким өзүнүн чыгармачылыгын, талантын жана ишке болгон изденүүсун көрсөтө турган мезгил келди окшойт. Журналистика кафедрасынын окутуучулары болгон аракетин жумшап, студенттер менен иш алып барууда. Студенттер да ар бир ишке мүмкүнчүлүгүнө жараша чыгармачылык менен мамиле кылууда. Учурдун курч темасы болгон карановирус илдетинин Кыргызстандагы абалы боюнча алар даярдаган видео сюжеттерди университеттин Басма сөз борбору түзгөн "Фээзбуктагы" "Ишеналы Арабаев атындагы КМУ" аталышындагы баракчадан көрсөңүздөр болот.

    Дата:2020-04-15 10:33:58 Просмотров6198 :: Подробнее...
  • Кытай бийин үйрөнгүңүз келсе, Чыгыш таануу жана Эл аралык мамилелер факультетине келиңиз

    25-февралда И. Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана Эл аралык мамилелер факультетинде кытай тилин окуган студенттердин арасында кытай фонарлары(灯笼) аттуу конкурс өттү. Аталган конкурста кытай тилин окуган студенттер фонарларды өздөрүнүн фантазиясы менен менен жазап, волонтёрлорго тапшырышты. Сынакка жалпы 20 студент катышты. Жыйынтыгында Биринчи орунду багындырган Токтасинова Эркайым 2000 сом акчалай сыйлык менен сыйланса, экинчи орунду алган Аннагельдиева Бахар менен Канат кызы Эльвира 1500 сомдон, ал эми үчүнчү орунду алган Арбуду Мадина менен Турдумбаева Кундуз 1000 сомдон акчалай сыйлык алышты. И. Арабаев атындагы КМУнун Чыныш таануу жана Эл аралык мамилелер факультетинин алдында түзүлгөн Конфуций бөлүмү 18- февралдан бери кытайдын байыркы атактуу бийлеринин бири Тай Жи Чуанды каалоочуларга бекер үйрөтүүдө.Бий ийримине окутуучулар, студенттер жана башка каалоочулар келип катышышууда.

  • КМУда коронавируска байланыштуу флешмоб өттү

    И. Арабаев атындагы КМУда студенттердин демилгеси менен уюштурулган “Коркунучка алдырба Ухань” деген аталыштагы флешмоб болуп өттү. Студенттер иш-чараны Кытайда болуп жаткан коркунучтуу илдет коронавируска байланыштуу уюштурушкан. Иш- чарага университеттин жетекчилигинен Жаштар иштери жана спорт боюнча проректор Мелис Оңолбаев, ректордун жардамчысы Азамат Айдаров, Жаштар иштери боюнча бөлүмдүн башчысы Жайна Садыкбекова, Чыгыш таануу жана Эл аралык мамилелер факультетинин деканы Замирбек Алымкулов, аталган факультеттин алдында түзүлгөн Конфуций бөлүмүнүн мугалимдери жана студенттери катышышты

    Дата:2020-02-03 15:01:19 Просмотров729 :: Подробнее...

  • Конфуций институтунун жетекчиси И.Арабаев атындагы КМУда

    16- январда И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов Бишкек мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунун мурдагы жетекчиси Жанг Ши Цайды жана аталган институттун жаңы дайындалган жетекчиси Ту Хуа айымды кабыл алды. Жолугушууда ректор Т. А. Абдырахманов Конфуций институнун жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди жана ошондой эле мындан ары да аталган институт менен тыгыз кызматташа берээрин баса белгиледи

Top