Үстүбүздөгү жылдын 2-3 ноябрда «Жамааттык радионун коомчулук учун ролу жана мааниси» аттуу мульти - медиалык проектин алкагында жогорку окуу жайларынын окутуучулары үчүн окуу тренинг болуп өттү. Бул окуу тренинге И. Арабаев атындагы университеттин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин журналистика кафедрасынын окутуучулары Ч.Арсыбаева, Ч.Кийизбаева, Е.Нооганова катышышты.
2019- жылдын 30-октябрында саат 11:00 дө, И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыштаануу жана эл аралык мамилелер факультетинде Эл аралык кувейт университетинин Араб тили кафедрасынын доктору Футух Юнус Сайид Дауд “Билим алуунун баалуулуктары, чет тилин оңой үйрөнүүнүн ыкмалары” аттуу темада конок лекция өттү.
1-ноябрда 7-НОЯБРЬ - Басма сөз жана маалымат күнүнө карата И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде “21-кылымдагы Борбор Азия өлкөлөрүнүн массалык маалымат каражаттары” аттуу тегерек стол болуп өттү.
Тарыхчы Жумагул Байдилдеев студенттерге дарс окуду
2019- жылдын 29- октябрында Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин 1-курстары үчүн “Арабаев - алгачкы агартуучу” деген темада Кыргыз Республикасынын борбордук архивинин башкы адиси, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Байдилдеев Жумагул Рыскулбекович окуган конок лекция уюштурулду.
Преподаватель глазами студентов
31.10.2019г. на Факультете востоковедения и международных отношений (ФBиМО) (4 корпус, 103 ауд.) КГУ им. И. Арабаева для студентов 2-3-4 курсов было проведено электронное анкетирование "Преподаватель глазами студентов" (Приказ №01-8/657 от 22.10.2019г.). Анкетирование было организовано отделом "Качества образования и мониторинга" совместно с отделом "Информационных технологий".