• Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде МААЛЫМАТ ТАРАТУУДАГЫ ЖООПКЕРЧИЛИК аталыштагы конок лекция уюштурулду

    8-апрелде И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде “Маалымат таратуудагы жоопкерчилик” деген темада конок лекция болуп өттү. Лектор катары Алтынай Исаева чакырылды. Алтынай Исаева - “Медиа Полиси Институту” коомдук фондунун юристи. Адистешкен тармагы: ММКнын ишин укуктук жактан жөнгө салуу, маалымат алуу жана сүрөткө тартуу укугу, сөзэркиндиги жана сөз эркиндигинин эл аралык стандарттары ж.б. Лекцияга “Эл аралык мамилелер” адистигинин студенттери катышып, абдан кызыктуу маанайда өттү. Студенттер көптөгөн жаңы, керектүү маалыматтарды алышты. И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети Алтынай Исаевага терең ыраазычылык билдиребиз! Иш-чаранын уюштуруучусу - факультеттин Аймак жана маданият таануу кафедрасы.

    Дата:2022-04-11 16:06:36 Просмотров600 :: Подробнее...
  • ЖУРНАЛИСТИКА КАФЕДРАСЫНЫН ОКУТУУЧУЛАРЫ ТРЕНИНГКЕ катышып, сертификат алышты

    И. Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультеинни журналистика кафедрасынын окутуучулары 10 жогорку окуу жайдын катарында тренингден өтүштү. «ГЕНДЕРЛИК - СЕЗИМТАЛ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН СТАНДАРТТАРЫ» аттуу трениниг Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Социалдык технологиялар агенствосунун «Даткайым- гендерлик теңчиликти жаңыча алып чыгуу» проектисинин алкагында уюштурулуп, 2022-жылдын 31-мартынан 2-апрелине чейин «Мэдисон» мейманканасынын жыйындар залында болуп өттү.

    Дата:2022-04-06 14:21:23 Просмотров730 :: Подробнее...
  • Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин магистранты Аль-Фараби университетинин сертификатын алды

    Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин чыгыш таануу кафедрасынын филология багытында окуган 2-курстун магистранты Рыспек кызы Айжамал Казакстанда Алмата шаарында Аль-Фараби университети тарабынан магистранттар үчүн уюштурулган “Current Trends in Interdisciplinary Issues” (“Aктуальные тренды междисциплинарных проблем”) аттуу илимий-практикалык конференцияга “Особенности научно-популярных текстов” деген аталыштагы англис тилинде окуган баяндама менен катышып сертификатка ээ болду. Аталган конференция 17-март күнү өттү Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде өттү.

    Дата:2022-04-01 11:29:11 Просмотров770 :: Подробнее...
  • Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин студенттери конференцияга катышты

    25-мартта Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинде Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында “Студент жана илим: Тил. Билим берүү. Коом” деген аталыштагы студенттик конференция болуп өттү. Ага 7 жогорку окуу жайдан 55 студент катышып, кыргыз, орус, англис жана кытай тилинде кызыктуу баяндамалар жасалды. Аталган конференцияга И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин “Эл аралык мамилелер” адистигинин 1-курсунун студенттери катышып, баяндама жасашты:

    Дата:2022-03-31 10:57:39 Просмотров2373 :: Подробнее...
  • "Ишеналы Арабаев - түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү агартуучусу болгон", Аймак жана маданият таануу кафедрасында ачык сабак өтүлдү

    11-мартта И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналган “И.Арабаев - түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү агартуучусу” деген аталыштагы конок лекция болуп өттү. Лектор катары тарых илимдеринин кандидаты, КР Улуттук илимдер академиясынын бөлүм башчысы Айида Кубатова чакырылды. Аталган иш-чарага факультеттин студенттери, окутуучулар катышты. А.Кубатова ХХ кылымдын башындагы Кыргызстандагы улуттук интеллигенциянын калыптанышы, алардын кыргыз тарыхындагы орду тууралуу кенен маалымат берип, өзгөчө И.Арабаевдин өмүр жолу жана жасаган иштерине кеңири токтолду. И.Арабаев тууралуу чет элдик жана Кыргызстандын архивдеринен табылган жаңы материалдар, сүрөттөр өзгөчө кызыгууну жаратты.

    Дата:2022-03-12 09:39:03 Просмотров1422 :: Подробнее...
Top