• "Ишеналы Арабаев - түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү агартуучусу болгон", Аймак жана маданият таануу кафедрасында ачык сабак өтүлдү

    11-мартта И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналган “И.Арабаев - түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү агартуучусу” деген аталыштагы конок лекция болуп өттү. Лектор катары тарых илимдеринин кандидаты, КР Улуттук илимдер академиясынын бөлүм башчысы Айида Кубатова чакырылды. Аталган иш-чарага факультеттин студенттери, окутуучулар катышты. А.Кубатова ХХ кылымдын башындагы Кыргызстандагы улуттук интеллигенциянын калыптанышы, алардын кыргыз тарыхындагы орду тууралуу кенен маалымат берип, өзгөчө И.Арабаевдин өмүр жолу жана жасаган иштерине кеңири токтолду. И.Арабаев тууралуу чет элдик жана Кыргызстандын архивдеринен табылган жаңы материалдар, сүрөттөр өзгөчө кызыгууну жаратты.

    Дата:2022-03-12 09:39:03 Просмотров2856 :: Подробнее...
  • КМУДА АРАБ ТИЛИ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

    Бул борбордо жаштарга тил үйрөтүүдөн башка дагы араб тили мугалимдеринин, араб тилин алып жүргөн башка кесиптин ээлеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курсун ачалык деп жатабыз. Бара-бара борборду институтка айлантуу максатыбыз бар. Себеби биздин окуу жайда Корей тили борбору, Япон тили борбору ачылып, азыр алар институт деңгээлине жеткен. Буюрса, борбор араб тилин, маданиятын, тарыхын окутуу менен мусулманчылыктын мекени болгон Арабия менен бизди мындан ары да жакындатат деп ишенем, - дейт университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов.

    Дата:2022-03-11 12:12:03 Просмотров2402 :: Подробнее...
  • ЧЫГЫШ ТААНУУ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР ФАКУЛЬТЕТИНДЕ СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ

    2022-жылдын 24-февралында Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин Аймак жана маданият таануу кафедрасынын доц.м.а., Ph.D. Абалова Назгүл Жоомартовна “Бүтүрүү квалификациялык ишин жазуудагы коюлган талаптар жана эрежелер” деген аталыштагы онлайн форматта семинар өткөрдү. Ага факультеттин “Аймак таануу”, “Эл аралык мамилелер” адистигинин бүтүрүүчү курсунун студенттери жана илимий жетекчилери катышты.

    Дата:2022-03-02 12:19:50 Просмотров2184 :: Подробнее...
  • Мирбек Айтымбетовду кандидаттык дессертациясын ийгиликтүү жакташы менен куттуктайбыз!

    25-февралда Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин Аймак жана маданият таануу кафедрасынын ага окутуучусу Айтымбетов Мирбек Бакытович “История политизации и деполитизации ислама в странах постсоветской Центральной Азии” деген аталыштагы кандидаттык диссертациясын жактады. Адистиги: 07.00.03. – жалпы тарых. Илимий жетекчиси тарых илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиянын мүчө- корреспонденти Абдырахманов Т.А. Мирбек Бакытовичтин ишине ийгилик жана илимий даражасын тастыктаган дипломду ийгиликтүү алып алышына тилектешпиз!!!

    Дата:2022-03-01 15:03:50 Просмотров2251 :: Подробнее...
  • И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУнун ЧЫГЫШ ТААНУУ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР ФАКУЛЬТЕТТИНИН СТУДЕНТЕРИ КАЗАКСТАНДАБИЛИМ АЛУУДА

    И.АрабаеватындагыКМУнунЧыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин студенттери Казакстан Республикасынын Л.Н.Гумилев атындагы Евразия Улуттук университетине академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында бирсеместрокупкелүүүчүн кетишти.Бул эки окуу жайдын кызматташуу тууралуу келишиминде каралган. Келишимге ылайык И.Арабаев атындагы КМУнун студенти бир семестрди (5 ай) Казакстандан окуп, кайра окуусун И.Арабаев атындагы КМУдан улантат.

    Дата:2022-02-28 15:42:13 Просмотров2017 :: Подробнее...
Top