КМУда Эне тилдин эл аралык күнүнө арналган илимий жыйын болду

21 Февраль 2022


2978 Просмотры 2022-02-21 15:19:38

Бүгүн, 21- февралда И. Арабаев атындагы КМУда Эне тилдин эл аралык күнүнө арналган илимий- практикалык жыйын болуп өттү.

Жыйынга И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана коммуникация боюнча проректору, тарых илимдеринин доктору Эсенкулов Нурмамат Жокенович, Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башкы адистери Абдил Шерматов менен Эмил Мусаев, КМУнун мамлекеттик тил жана маданият институтунун окутуучусу, филология илимдеринин доктору Аида Эгембердиева, Манас таануу жана лингвистика институнун окутуучусу Бакыт Мырзатаева жана студенттер катышышты.

Проректор Нурмамат Эсенкулов өз сөзүндө эне тилдин кадырын белгилеп, студенттерди патриоттуулукка үндөдү.

Иш- чаранын жүрүшүндө студенттер, кыргыз акындарынын эне тил жөнүндө жазылган мазмунду ырларын көркөм окуп, манас айтып, өнөрлөрүн тартуулашты.