Мамлекеттик туунун күнү И. Арабаев атындагы КМУда дагы белгиленди

03 Март 2022


8732 Просмотры 2022-03-03 16:37:54

Бүгүн, 3- март мамлекеттик туунун күнү И. Арабаев атындагы КМУда дагы белгиленди.

Иш- чараны университеттин жаштар иштери боюнча бөлүмү уюштурду. Майрамдык иш- чарага Жаштар саясаты жана спорт боюнча проректор Жайна Садыкбек кызы менен жаштар иштери бөлүмүнүн башчысы Азамат Айдаров да катышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик Туусу 1992-жылдын 3- мартында кабыл алынган. Президенттин 2009-жылдын 10-июнундагы жарлыгы менен бул күн мамлекеттик майрамдардын катарына кирген.

Мамлекеттик символдун авторлору: Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Эдил Айдарбеков, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.