Мамлекеттик тил жана маданият институту семинар- тренинг уюштурду

16 Апрель 2022


2019 Просмотры 2022-04-16 12:05:43

15- апрелде И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институту "Санариптештирүү:кесиптик ишмердикке заманбап мамиле" аттуу семинар-тренинг өткөрдү. Атадган семинарга өлкөнүн облус, шаарларынан мектеп мугалимдери келип катышышты.

Тактап айтканда,  Нарын, Жалал-Абад,Чүй облустарынан,Токмок жана Бишкек шаарынан мектеп мугалимдери келип, өз ойлорун ортого салып, семинар абдан маанилүү жана маңыздуу болгонун билдиришти.

Илимий семинарга И. Арабаев атындагы КМУнун проректорлору Жеңиш Бексултанов менен Айгүл Абдраева катышып, сапариптешүү өлкөдө азыркы учурдагы эң маанилүү иш болуп жатканына токтолушту.

Жогоруда белгилегендей, аталган семинар- тренингди Айгүл Дюшембиева жетектеген КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту уюштурду.