Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган радио таймашта Мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенттери 1- орунду багындырышты

18 Май 2022


1997 Просмотры 2022-05-18 09:50:24

14-майда Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Т.Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата студенттер арасында өтө турган радио таймашка И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун филология факультетинин студенттери катышышты.

Таймашта командалар Т.Сыдыкбековдун чыгармачылыгы, өмүр таржымалы боюнча жеке чыгармачылыктарын колдонуу менен баяндама жасап, ырларынан көркөм окушту. ”Кең-Суу” романы боюнча суроо-жооп, талдоо жасашып, таймаш өтө кызыктуу өттү.

Жыйынтыгында И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун “Филологиялык билим берүү” багытынын студенттери 1-орунга ээ болушту.