Ректор Төлөбек Абдырахманов дзюдочу Анарбек Ишенбаевди жеңиши менен

11 Октябрь 2019


13998 Просмотры 2019-10-11 12:40:26

11- октябрда ректор Төлөбек Абдырахманов жакында эле болуп өткөн Азия кубогунда биринчи орунду багындырган дзюдочу Анарбек Ишенбаевди жана И. Арабаев атындагы КМУнун Япон таануу институтунун директору Самаров Айбек мырзаны кабыл алып, балбанды жеңиши менен куттуктады.

 

Эске салсак, Анарбек Ишенбаев И. Арабаев атындагы КМУнун Япон таануу институтунун 1- курсунун студенти.

Ал 5-6-октябрь күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы дзюдо боюнча Азия кубогунда (90 кг) салмакта күч сынашып, биринчи орунду багынтып, алтын медаль алган.
Аталган мелдешке 6 өлкөнүн спортчулары катышкан. Анда Кыргызстандын курамасы 5 алтын, 6 күмүш жана 8 коло медаль багындырышкан.

asdfsdfsdfsf