Ректор Т. Абдырахманов Япониядан келген өкүлдөр менен жолукту

13 Декабрь 2019


13726 Просмотры 2019-12-13 17:24:27

Ректор Төлөбек Абдырахманов алыскы Япониядан келген, тактап айтканда Япониядагы lBS компаниясынын өкүлү Ишимура Кожи менен MSG компаниясынын өкүлү Хагами Тошикини жана И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Япон таануу институтунун директору Айбек Самаровду кабыл алды.

Эки тараптуу жолугушууда Япон таануу институтунда билим алып жаткан студенттерди Япония мамлекетине жиберип, ал жактан практикадан өткөрүү жана ошондой эле студенттерди иш менен камсыздоо, илимий, практикалык жактан тажрыйба алмашып, бул жакта эмгектенген, япон тилин жакшы билген кыргыз мугалимдерин Японияга жиберүү, ал эми Япониядан бул жака мугалимдерди алып келүү маселеси каралды.

Жолугушуунун соңунда алдыдагы 2020- жылдагы окуу жылынын аягында 20 га жакын студент Япония мамлекетине барып, жогоруда белгилегендей практикаларын өтөп, иштеп келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Эске салсак, аталган компаниялар И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Япон таануу институтуна материалдык жактан да, илимий жактан да дайыма колдоолорун көргөзүп келишет.