Япон таануу институту On-line сабактарын үзгүлтүксүз өтүп жатат

13 Апрель 2020


7956 Просмотры 2020-04-13 16:56:19

И.Арабаев атындагы КМУнун Япон таануу институту өлкөдөгү  кырдаалга байланыштуу институттагы студенттер менен On-line сабактарын  өтүп жатышат. Институттун директору Айбек Самаровдун көрсөтмөсү боюнча институтта төмөндөгүдөй иш-чаралар жүргүзүлүүдө:

  1.  Сабактардын жүгүртмөсү түзүлүп, профессордук-окутуучулар курамынын мүчөлөрү АVN, E-mail, Zoom, Whats app, Classroom программалары менен сабак өтүп, иштеп жатышат;
  2.  Өтүлгөн сабактор боюнча институттун дирекциясына, окуу бөлүмүнө күнүмдүк, жумалык отчёттор берилип турат;
  3. Сабактардын отчёттору тексттик, фото, видео-сабактар түрүндө берилип жатат;
  4. Институттун 1-курстарынын ТОГУ-1-19 гр.студенттери институттун  ППСке арнап, «Учитель, спасибо, за труд!» деген темада видео-ролик даярдап, тартуулашты.