Японтаануу институту Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отурумун өткөрдү

01 Май 2020


12530 Просмотры 2020-05-02 00:29:45

И.Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институтунун Окумуштуулар кенешмесинин кезектеги отуруму апрель аягынын акыркы жумасында болуп өттү.

Отурумда күн тартибине коюлган маселелер каралды. Студенттик парламенттин жыл ичинде аткарган иштери боюнча жалпы маалымат угулду.Учурдагы кырдаалга карата окуу процессинин жүрүшүнүн абалы жана көйгөйлөрү, аларды чечүүнүн жолдору, ошондой эле студенттердин окуу төлөмдөрүнүн төлөнүшүнүн абалы, окуу төлөмдөрүн төлөө тууралуу маселелер каралды.

Отурумдун жүрүшүндө учурдун талабы болгон дистанттык окутуу формасынын ар кандай мүмкүнчүлүктөрүн, түрдүү заманбап тиркемелерди ийкем пайдалануу, ошондой эле студенттердин өз алдынча билим алуу жоопкерчилигин жогорулатуунун ыкмаларын өнүктүрүү сыяктуу маселелер боюнча кызуу талкуулар болду.