КМУнун төрт студенти Японияга практикага барат

30 Октябрь 2020


11215 Просмотры 2020-10-30 12:58:03

 И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов КМУнун Япон мамлекети менен кызматашуу боюнча өкүлү Ёцухаши Мичинори менен жолукту.

Жолугушууда КМУ нун  Япон мамлекетиндеги ЖОЖдор менен болгон кызматташтыгы, Япон таануу институтунда билим алып жаткан студенттерди Японияга жөнөтүп, билимин жогорулатуу, алган билими боюнча ал жактан студенттерди практикадан өткөрүү тууралуу сүйлөшүштү.

КМУнун Япон таануу институтунда окуган 4 студент жакынкы күндөрү Япония мамлекетине барып практикадан өтүп, билимдерин жогорулатышаары белгилүү болду.