Япон таануу институтунда ачык эшик күнү өттү

24 Март 2021


9528 Просмотры 2021-03-24 10:49:48

Апрель-май айларына Японтаануу институту 9-10-11-класстагы мектеп окуучуларына япон тили, тарыхы, маданияты боюнча бекер курска кабыл алуу жарыялаган. Курска катталган мектеп окуучуларына 17-март күнү институтта тааныштыруу, тактап айтканда ачык эшик күнү өттү. Ачык эшик күнүнө кызыгып келген калоочулардын саны 60 дан ашты. Презентацияга мейман катары япон элчилигинен өкүлдөр чакырылды. Япониядагы институттун партнерлору дагы байланышка чыгып иш-чаранын катышуучулары менен саламдашып, ийгилик каалап өтүштү.

Институттун директору Айбек Самаров институт боюнча кенен маалымат берди. Студенттер жана бүтүрүүчүлөр окуучуларга кызыктуу концерттик программа тартуулашты. Япон салттуу маданиятын ыр-бий негизинде көрсөтүп беришти.Окуучулар япон тили, маданияты, тарыхы боюнча окута турган мугалимдер менен таанышышты. Аягында катышуучулар япон ашканасынын тамактарынан даам сызышты.