КМУ менен Япон тараптын кызматташтыгы улана бермекчи

11 Май 2021


7569 Просмотры 2021-05-11 16:38:03

  Бүгүн, 11- майда И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов университеттеги Япон таануу институтунун негиздөөчүлөрүнүн бири Ецухаши Мичинори жана институттун директору Айбек Самаровду кабыл алды.

Жолугушууда аталган институттун быйылкы окуу жылынын аякташы жана алдыдагы жаңы окуу жылына болгон иш пландары боюнча ой бөлүшүштү.

Япон тараптын өкүлү Ецухаши Мичинори аталган институттун ишин дагы да күчтөнтүүгө, студенттердин, окутуучулардын санын арбытууга кызыктар экендигин, Япония өлкөсүндөгү алдыңкы окуу жайлар менен И. Арабаев атындагы КМУнун ортосундагы алака-кызматташтыкты бекемдөөнү уланта берээрин баса белгиледи.

Ошондой эле КМУнун ректору Т. Абдырахманов дагы институттун негиздөөчүсүнө ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу кызматташуунун улана беришине тилектеш экенин айтты...