Проректор Жеңиш Бексултанов Япониядан келген өкүлдөр менен жолукту жана келишимге кол коюшту.

29 Сентябрь 2021


4044 Просмотры 2021-09-29 11:37:40

И. Арабаев атындагы КМУнун биринчи проректору, окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов Япониядагы жогорку окуу жайдын жетекчилери менен жолугушту. Жолугушууга И. Арабаев атындагы КМУнун Япон таануу институтунун негиздөөчүлөрүнүн бири Ецухаши Мичинори менен аталган институттун директору Айбек Самаров да катышты. Жолугушууда Япондор КМУга медициналык колледж ачууга кызыктарлыгын билдиришти. Ошондой эле, Япон таануу институтунун ишин кеңейтип, окуу борборлорун түзүү үчүн аракеттерди көрүп жатышканын айтышты. Ошондой эле аларбыйылтан баштап, кыргыз студенттерин Япониядан окутууга даяр экендиктерин да баса белгилешти.

Маалым болгондой, быйыл Кыргызстандан, тактап айтканда И. Арабаев атындагы КМУнун Япон таануу институтунда окуган 10 дон ашык студент Япония өлкөсүнө барып билим алуу алдында турат. Жолугушуунун соңунда эки тарап кызматташуунун кеңейтүү максатында келишимге кол коюшту.