КМУнун Жапон таануу институтунун 3-курсунун студенти Ишенбаев Анарбек Ливанда өткөн чемпионатта баш байгени багындырды

09 Декабрь 2021


13373 Просмотры 2021-12-09 13:21:17

И. Арабаев атындагы КМУнун Жапон таануу институтунун 3-курсунун «Отел бизнеси» адистигинин студенти Ишенбаев Анарбек 2021-жылдын 5- декабрында Ливандын Бейрут провинциясында өткөн дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында өткөн Азия жана Океания чемпионатында биринчи орунду багындырып, алтын медаль тагынды. Кыргызстандын намысын коргоп, чет жерде өлкө желегин желбиреткен студентибиз Ишенбаев Анарбекти жеңиши менен куттуктайбыз! Студентибизге бекем ден  соолук, албан ийгиликтерди каалайбыз! 

И. Арабаев атындагы КМУнун Япон таануу институту