Ректор Төлөбек Абдырахманов япон жаранын кабыл алды

17 Январь 2022


3396 Просмотры 2022-01-17 11:31:49

И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович өткөн аптанын соңунда КМУнун алдындагы Япон таануу институтунун директору Айбек Самаров менен Япониялык жаранды кабыл алды. Белгилүү болгондой, И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Япон таануу институту бир топ жылдан бери өз ишин активдүү жүргүзүп келет.Аталган институттан билим алган ондогон кыргыз жаштары бүгүнкү күндө Япониянын ар кайсы шаарларында билимин тереңдетип, окуп, иштеп келишет.

Университеттин ректору Т. Абдырахманов менен жолуккан Япониялык жаран дагы И. Арабаев атындагы КМУ менен тыгыз кызматташууга кызыктартарлыгын билдирди.