Проректор Жеңиш Бексултанов Фукая эл аралык япон тил академиясынын директору менен жолукту

21 Февраль 2022


3207 Просмотры 2022-02-21 17:18:24

И. Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултанов КМУнун япон таануу институтунун директору Айбек Самаров, Фукая эл аралык япон тил академиясынын директору Фужимура Казухиро жана КМУдагы япон таануу институтун негиздөөчүлөрүнүн бири

Ецухаши Мичинори менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында, Кыргызстан менен билим берүү жаатында тыгыз кызматташып келе жаткан япон жарандары университеттин Физика- математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин студенттери менен кезигип, студенттердин япониядан билим алууга болгон мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.

Белгилүү болгондой, И. Арабаев атындагы КМУнун япон таануу институту жыл сайын 10 догон студенттерди Япония өлкөсүнө жиберип, окутуп келет. Быйыл дагы 10 го жакын студентти жиберүү алдында турат.