И. Арабаев атындагы КМУнун Япон таануу институту менен КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги келишимге кол коюшту

30 Май 2022


2607 Просмотры 2022-05-30 09:04:00

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Жапониянын кесиптик бирлиги жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Жапон таануу институтунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду.

Жолугушууга КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жана И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов катышты.

Маалым болгондой, Кыргызстандын жарандарын Жапонияга жумушка орноштуруу жөнүндө кол коюлган келишимдин алкагында биринчи топ ушул жылдын аягында жөнөп кетет. Эске салсак, И. Арабаев атындагы КМУнун Жапон таануу институту студенттерге билим берип, жапон тилин үйрөтүү менен бирге эле алардын Жапонияга барып билим алуусуна, иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүп келет.