Японтаануу институтунун студенттерине Япония мамлекетинен келген коноктор дарс окушту

13 Февраль 2019


13885 Просмотры 2019-02-13 13:13:45

   12-февралда Японтаануу институтунун студенттери алыскы Япония мамлекетинен келген «Рилейн Шип» компаниясынын директору К.Курихора, «Япон тилин окутуу» борборунун жетекчиси Н.Намики жана КРнын Япониядагы мурунку элчиси Р.Молдогазиевдер менен жолугушуу ѳткѳрүштү.

Жолугушууда коноктор Япония мамлекетинин тили, маданияты, салты жѳнүндѳ дарс окушту. КРнын Япониядагы мурунку элчиси Р.Молдогазиев Япония мамлекети менен Кыргызстандын ортосундагы алгачкы байланышуу жылдарынан тартып, бүгүнкү күнгѳ чейинки маданий, билим берүү жана экономикалык карым-катнаштары тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле «Рилейн Шип» компаниясынын директору Курихора мырза кыргыз жаштарын Япония мамлекетинде жумуш менен камсыздоо маселесине токтолуп ѳттү.

Жолугушуунун аягында студенттер келген ѳкүлдѳргѳ ѳздѳрүнүн кызыккан суроолорун беришти.