Япон таануу институтунун студенттери Cакуранын гүлдөшүнүн майрамын белгилешти

22 Март 2019


18545 Просмотры 2019-03-22 12:15:40

   19-мартта Японтаануу институтунда студенттер Cакуранын гүлдөшүнүн майрамын белгилешти. Майрамда студенттер тарабынан япон элинин каада-салты, улуттук маданияты, элдик каада-салты чагылдырылды.

Ошондой эле көрүүчүлөргө суроолорду берип, оюндар ойнотулду.

Бул майрам "ханами" деп аталып, кыргызчага "гүлдөргө суктануу" деп которулат.

Япониянын ар кайсы районунда сакура ар кандай мезгилде гүлдөйт. Алсак, Кюсю аймагынын түштүгүндө ал марттын аягында, Токиодо апрелдин башында, ал эми Хоккайдо аралында майдын ортосунда гүл ачат.

Сакуранын гүлүнө суктануу жөрөлгөсү 7-кылымда башталган. Ак сөөктөр сакура багында гүлүнө суктанып отуруп ичип-жеп, музыка угуп, көңүл ачуучу оюндарды ойноп эс алышкан. Ханами ошондон бери үзгүлтүксүз майрамдалып келет. Майрам алча гүлдөп бүткөнгө чейин, тагыраагы, 7-10 күнгө дейре созулат. Түнкү ханамини ёдзакура (түнкү сакура) деп аташат. Майрам эң шаңдуу өтчү жер Токиодогу Синдзюку-Гёэн аттуу ири сейил багы. Анда 75 сорттогу 1500 сакура дарагы өсөт.

Сакура – роза түркүмүндөгү декоративдүү дарак. Жазында 7-10 күндөй гүлдөп турат, гүлдөрү ак өңдөн ачык күлгүн түскө чейин болот. Жалбырактары гүлдөгөн соң гана чыгат. Мөмөсү сакурамбо деп аталып, диаметри 8-10 миллиметрге жетет. Сакуранын кээ бир гана сорттору мөмөлөйт. Алардын айрымдарынын мөмөлөрү даамдуураак болбосо, көбүнүкү кычкыл жана даамсыз болгондуктан желбейт. Мындай мөмөлөрдү маринаддап, күрүч тамактарга кошкондор бар. Туздалган жалбырагы жана гүлү тамак-ашка колдонулат. Сакурадан шарап да даярдашат.

Сакура – Япониянын улуттук символу."Алча абдан кооз гүлдөгөнү менен, гүлү бат эле түшүп калат. Адам өмүрү дал ошондой" дешет. Өзгөчө бул аялзатынын жаштыгы менен сулуулугуна карата салыштырылып келет. Японияда сакуранын 350дөн ашык түрү бар. Көпчүлүгү селекциялык жол менен алынган. Мажүрүм талдай самсаалап өсүүчү түрү абдан кооз жана гүлдөрү күлгүн түстө.

Жазында, сакура гүлдөөрдө Японияда атайын штаб түзүлүп, адамдар ишке алынат. Алар сакура кайсы жерде кайсы датадан баштап гүлдөй баштаганы тууралуу маалыматты чогултуп, күн сайын телевидение, гезиттер аркылуу жарыялап турушат.

Бул жылы кыш жылуу болгондуктан Кавадзу шаарында сакура февраль айында эле гүлдөгөн.