Япониялык IBS компаниясынын директору КМУнун «Ардактуу профессору» болду

30 Март 2019


16560 Просмотры 2019-03-30 18:07:57

     29-мартта окуу жайдын башчысы, профессор Т.Абдырахманов Япониядан келген өкүлдөрдү: «IBS» компаниясынын президенти Тоцукава Тошиюки жана анын орун басары Ишимуга Кожини кабыл алды.

Эки тарап өз ара билим берүү, студенттерди жумуш менен камсыздоо сыяктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, т.а. япон тилин окууну каалаган Кыргызстандын студенттерине социалдык иштер боюнча колледжде практика өтөө жана ишке орноштуруу маселелерин талкуулашты.

Келген конокторго ректор университеттин «Ардактуу профессору» наамын ыйгарды.

Жолугушуудан кийин япониялык өкүлдөр институттун директору А.Самаровдун кабыл алуусунда болду. Институттун жыйындар залында студенттер менен чакан жыйын өткөрүштү.

Жыйында «IBS» компаниясы менен дзюдо боюнча жаштар аралык дүйнөлүк мелдештин бир нече жолку чемпиону Алмаз Алтынбек уулунун ортосундагы келишимдин максаты жөнүндө маалымат берилди жана келишимге кол коюшту.