И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Мамлекеттик тилдин абалына мониторинг жүргүзүлүүдө

  КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын аткарылышын камсыз кылуу, жогорку жана кесиптик билим берүү мекемелериндеги мамлекеттик тилдин абалы менен таанышуу жана аларга практикалык жардам берүү максатында 2018-жылдын 12-апрелиндеги №23 буйругунун негизинде 24-апрелден 28-апрелге чейин И.Арабаев атындагы КМУда мамлекеттик тилдин абалына мониторинг жүргүзүлгөн.

Бүгүн, 19-июнда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев жетектеген жумушчу топ жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгын угузуу үчүн университеттин жетекчилиги, кызматкерлери менен биргеликте жыйын өткөрдү.

Жыйынга Мамлекеттик тил боюнча жооптуу кызматкерлер, факультеттердин декандары, институттардын директорлору, кафедра башчылары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Университеттин ректору Т.Абдырахманов жыйынды ачып, университеттеги Мамлекеттик тилдин бүгүнкү күндөгү абалы, келечекте аткарыла иштери жөнүндө маалымат берди. Ал эми Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев Кыргызстандын келечеги болгон жаштардын, айрыкча педагогдордун эне тилге болгон жоопкерчилигин арттырууга, мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билүүсүнө болгон күч аракетибизди жумшайлы деп айтып өттү. Ошондой эле комиссиянын төрайымы, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Ишеналиева КМУдагы билим берүү системасындагы мамлекеттик тилдин абалына, жетишкендиктерине жана айрым бир көйгөйлөрүнө токтолуп, ар бир кафедралардын окутуу системасына комиссиянын берген баасын угузду.

Университеттин Окуу иштери боюнча проректору Тууганбай Абдырахманов университеттеги мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча өткөрүлүп жаткан конференциялар, тегерек столдор, иш-чаралар жөнүндө баяндама жасап, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жалпыбыздын башкы милдетибиз экенин баса белгиледи.

Жыйындын катышуучулары жумушчу топтун өкүлдөрүнө мамлекеттик тил боюнча суроолорду беришти жана ректор Т.Абдырахманов окуу жайда мамлекеттик тил боюнча кетирилип жаткан каталарды оңдоо үчүн тийиштүү кызматкерлерге тапшырмаларды берип, жыйынды жыйынтыктады.