И.Арабаев атындагы КМУ

Теологиялык колледж алгачкы бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду

    Бүгүн, 20-июнда И. Арабаев атындагы КМУнун чоң жыйындар залында Теологиялык колледждин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн кечеси болуп өттү. Кечеге ректор Төлөбек Абдырахманов, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов, КМУнун профсоюз комитетинин башчысы Эрмек Бектуров жана колледждин директору Нурбек Шамралиев жетектеген эмгек жамаат катышты.

Ректор, профессор Т.Абдырахманов кечени ачып, төмөнкүлөргө токтолду. «Алгач «Теология» багытында гимназия, же лицей ачуу пландалган. Бирок Билим берүү министрлигинин колдоосу жана «Ыйман» фонддусунун каржылоосу менен өлкөдө алгачкы жолу орто кесиптик «Теология» адистиги боюнча колледж ачылды.

Мына, бүгүн Теологиялык колледж алгачкы бүтүрүүчүлөрүн уядан учурууда. Жалпысынан 28 улан-кыз бүтүрүүчү аталып, аларга диплом берүү чечими кабыл алынды», – деди ректор Т.Абдырахманов.

Ошондой эле куттуктоо сөз КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешовго, колледждин директору Нурбек Шамралиевге берилди.

Н.Шамралиев колледждин негиздөөчүлөрүнө, түптөлүшүнө салым кошкон инсандарга ыраазычылык билдирип жатып, «биздин бүтүрүүчүлөр ЖРТга катышып, ортодон жогорку деген баллга татыктуу болушту. Аларга билим берип, туура жол көрсөткөн эже-агайларыбызга ыраазычылыгыбызды айтабыз», – деп кошумчалады директор өз сөзүндө.

Кеченин расмий бөлүгүнөн кийин көрүүчүлөргө студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Окутуучуларга арналган куттуктоо сөздөр, ырлар окулуп, белектер тапшырылды.

Окуудагы жетишкен жана коомдук, маданий иштерге активдүү катышкан бүтүрүүчүлөргө Ардак грамоталар тапшырылды.

Бүтүрүүчүлөр ректор Т.Абдырахманов жана профсоюз комитетинин башчысы Э.Бектуров менен бирге эстеликке сүрөткө түшүп, кечени жыйынтыкташты.