И.Арабаев атындагы КМУ

Кыргыз мамлекеттик университетте абитуриенттерди кабыл алуунун I туру башталды

    2018-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында 2018-2019 окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алуу иши башталды.

И.Арабаев атындагы КМУнун абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясынын башчысы Замир Алымкулов ЖРТ талондорун чогултуучу урналардын капкагын бекитип, колун коюп, мөөрүн баскандан кийин, кабыл алуу комиссиясы жайгашкан №2 имараттын эшиги ачылып, И.Арабаев атындагы КМУга абитуриенттерди кабыл алуунун I туру өз ишин ийгиликтүү баштады.

Абитуриенттер залга орнотулган сыналгыдан КМУнун түзүмдөрү тууралуу таанышып, андан соң тандаган адистиктери боюнча жооптуу кызматкерлерден толук маалымат алгандан кийин, урналарга ЖРТнын талондорун тапшыра башташты.

КМУнун кабыл алуу комиссиясынын башчысы З.Алымкуловдун билдирүүсүнө караганда, университетке быйыл бюджеттик орунга – 20, ал эми контрактык орунга – 60тан ашык профилдик багыт боюнча ЖРТнын сертификаттарын тапшыруу жүргүзүлмөкчү.

 I тур 9-июлдан 11-июлга саат 14:00гө чейин жүргүзүлүп, ал эми 12-июлда саат 10:00дөн кийин жыйынтыгы чыгып, КМУга кабыл алынган абитуриенттердин тизмеси жарыяланмакчы. Бул боюнча маалыматты университеттин башкы корпусунда орнотулган сыналгыдан жана arabaev.kg cайтынан алсаңыздар болот.