Окуу иштер боюнча проректор Тууганбай Конурбаев USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун жетекчисин кабыл алды

Бүгүн, 21-сентябрда Окуу иштер боюнча проректор Тууганбай Конурбаев Окуу жөндөмүн күчөтүү боюнча USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун жетекчиси Шахзад Шахабуддин Митхан жана долбоордун орун басары Чынара Омуркулованы кабыл алды.

Кабыл алуу учурунда тараптар биргеликте иш алып барууну жана келечекте аткарыла турган иштер жөнүндө кеңири маек курушту. Жолугушууга чейин долбоордун жетекчиси Шахзад Шахабуддин Митхан долбоордун негизинде бирге иш алып барууну сунуштап, И.Арабаев ат. КМУнун жана ОшМУнун жетекчилигине кайрылуу жөнөткөн.

Долбоордун негизги максаты «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун иш-аракеттери, Билим берүү министрлиги менен биргеликте, билим берүү системасынын негизги компоненттерин бекемдөөгө басым жасалат. Методисттер жана китепканачылар үчүн китеп окуу жаатында сапаттуу окуу программаны ишке ашыруунун жолдору жана учурда жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалыматтар берилет.

«Келгиле, окуйбуз!» долбоору ар түрдүү окуу ресурстарды, окуучулардын жашөзгөчөлүгүнө ылайык кошумча окуу материлдарды мектептерге берет. Ошондой эле долбоордун катышуучуларынын окуу жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө коомчулук менен тыгыз байланышта болот.

«Келгиле, окуйбуз!» долбоору негизинен:

Аталган долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги КР маданият маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен тыгыз байланышта болушат.