Мамлекеттик тил жана маданият институту Мамлекеттик тил күнүнүн 29 жылдыгын белгилешти

   1-октябрда КРнын Мамлекеттик тил күнүнүн 29 жылдыгына карата Мамлекеттик тил жана маданият институтунда майрамдык чоң программадагы салтанат уюштурулду.

Салтанаттуу иш-чара кыргыз тилинин гимни жана кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы болгон “Манас” эпосунан үзүндү айтуу менен башталып, андан соң кечени ачуу үчүн сөз институттун директору Айгүл Дүйшөмбиевага берилди. «КРнын Мамлекеттик тил комиссиясынын «Мамлекеттик тил жана Айтматов» деген жарлыкка ылайык биздин факультетте тегерек столдор, кечелер жана маданий, илимий иш-чаралар, студенттер арасында автордук чыгармалардын, дубал газеттердин көргөзмөсү сыяктуу кароо-сынактар уюштурулган.

Мына, бүгүн, татыктуулардын татыктуусун тандап, өзүбүздүн майрамдык иш-чарабызда сыйлык тапшыралы деп турабыз.  Ошондой эле биздин окуу жайга Мамлекеттик тил боюнча проректорлукка Эсенгулов Нурмамат Жокенович келди. Келечекте Нурмамат Жокенович менен биргеликте алгылыктуу иштерди аткаралы деп турабыз», – деди директор А.Дүйшөмбиева.

Мамлекеттик тил боюнча проректор Н.Эсенгулов «Мугалимдик – кесиптердин эң төрөсү. Ошондуктан мугалим болуп, бул тармакта эмгектенгендин өзү сыймык. Мен мамлекеттик тил боюнча проректорлук кызматка жаңыдан киришип жаткан учурум. Жаштарга айтаарым, тилге кам көрүп, аны ыйык тутуп көздүн карегиндей сактап, келечектеги урпактар алдында өзүбүздүн жоопкерчилигибизди сезип, атуулдук парзыбызды ыйык сактасак деген аруу тилекти билдиргим келет. Мындан ары мен сиздер менен тыгыз байланышта иштешүүгө даярмын», – деди Н.Эсенгулов өз сөзүндө.    

Директор А.Дүйшөмбиева Мамлекеттик тил күнүнө карата өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, жигердүү катышкан студенттерге Ардак грамота жана баалуу сыйлыктарды тапшырды. Институттун бүтүрүүчүсү Оксана Токтобаева окутуучуларына таазим кылып, жакшы сөздөрүн арнап өттү. Ал эмгектенген КРнын мамлекеттик Чек ара кызматынын 2026 аскер бөлүгүндө аталган институттун студенттери Мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурушкан. О.Токтобаева аталган кызматтын жетекчисинин ыраазычылык катын ректор Т.Абдырахмановго, директор А.Дүйшөмбиевага, директордун орун басары А.Каныбековага, Кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы А.Эгембердиевага тапшырды.

Директордун орун басары А.Каныбекова, Тил даярдыгы жана котормо кафедрасынын башчысы Н.Эргешбаева, Кыргыз тили кафедрасынын башчысы С.Каратаевалар бул күнгө карата уюштурулган кароо-сынактын жыйынтыгын жарыялап, жеңүүчүлөргө Ардак грамота жана баалуу сыйлыктарды ыйгарышты жана 1-октябрь «Карылар күнүнө» карата ардагер окутуучуларга акчалай сыйлык тапшыруу маселесин да айтышты.

Кеченин расмий бөлүгү аяктаган соң, таланттуу студенттердин майрамдык концерти башталды. Кыргыздын улуттук бийлери, катышуучулардын ар биринин жүрөгүнөн түнөк тапкан, кыргыз тилинин кадыр-баркын даңазалаган керемет ырлар, бүгүнкү ааламдашуу заманында, өзүмчүлдүк капшабына кабылып, кайдыгерлик арааны жүрүп жаткан заманда элдин тагдырынан, тилдин тагдырынан өзүнүн жеке кызыкчылыгын жогору койгон коомду сүрөттөгөн чакан сценкалар аткарылды жана тилге байланыштуу кызыктуу оюндар ойнотулду.

Кылымдарды карыткан кыргыз тили ар бир жаран сый менен мамиле кылган кадырлуу тил болуш керек. Биздин окуу жай ар дайым кыргыз тилине арналган иш-чараларды өткөрүп келет. Жаштар арасында тилдин тазалыгын, көркөмдүүлүгүн арттыруу жана аны турмуштук шартка, т.а. иш жүзүнө ашырууга далалат кылууда.

Бүгүнкү майрамдык иш-чара абдан жакшы деңгээлде өтүп, тилди сүйгөн, тил аркылуу өз улутун, элин, мекенин сүйгөн атуулдарга дем күч берди деген ишеничтебиз.