Мугалим - мөмөлүү дарак

    Мугалимдер күнүнө карата 4-октябрда Чыгыш тилдер гимназиясынын окуучулары мугалимдерге арнап, майрамдык концерт тартуулашты.

Майрамдык салтанатка директор Токтобакиева Кадича Кызаевна баштаган лицейдин окутуучулар жамааты, окуучулар катышты.

Кадича Кызаевна кечени ачып, кесиптештерине абдан жакшы каалоо-тилектерин билдирди жана майрамдык иш-чараны даярдаган окуучуларына ыраазычылыгын айтты.

Мугалимдердин көңүлүн көтөрүү максатында окуучулар элдик, заманбап ырларды, бийлерди аткарып, кызыктуу оюндарды уюштурду. Ошондой эле мугалимдер менен окучуулар ортосундагы мамиле, этика, сүйлөө маданияты жөнүндө кыскача сценкаларды көрсөтүштү.

Соңунда окуучулар «Мугалимдериме» аттуу ырды хор аткарышты.