Ректор Т.Абдырахмановго Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы ыйгарылды

     16-октябрда КРнын Президентинин 2013-жылдын 30-сентябрындагы №198 Жарлыгы менен бекитилген КРнын Мамлекеттик кадр кызматы жѳнүндѳ жобого, МККнын 2017-жылдын 24-мартындагы №27 буйругунун жана КРнын Билим берүү кызматкерлеринин күнүнүн салтанатына байланыштуу иштин мыкты кѳрсѳткүчтѳрүнѳ жетишкендиги, жогорку кесипкѳйлүүлүгү, кызматтык милдеттерди так аткаргандыгы, демилгелүүлүктү жана жигердүүлүктү кѳрсѳткѳндүгү үчүн И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор  Абдырахманов Тѳлѳбек Абылович Ардак грамота менен сыйланды.  

Сыйлыкты Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Алышбаев Калыбек Кеңешович тапшырып, ректор Т.Абдырахмановдун билим берүү тармагына кошкон салымы жѳнүндѳ кыскача токтолуп ѳттү.

Ректор Т.Абдырахмановдун ишине ийгилик каалап, мындан ары да коомду жана элди агарткан билим берүү тармагында тынымсыз аракеттерди кѳрѳ беришине тилектешпиз.