Научно-практическая конференция

2019-жылдын 29-ноябрында саат 14:00 до И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы М.Р.Рахимова атындагы квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунда, Буткул дүйнɵлүк СПИДке каршы күрɵшүү күнүно карата ɵткɵрүлүүчү «Билим берүү чɵйрɵсүндɵ АИВ (адамдын иммунодефицит вирусу)-инфекциясын алдын алуу» аттуу кереге отуруму болуп отту.

Иш чаранын максаты: СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүн утурлай АИВ инфекциясынын жайылышы, анын алдын алуу жана бул коркунучтуу илдетке кабылгандардын тагдыры тууралуу сөз кылуу. Алдын алуу боюнча иш чараларды ɵткɵрүү жана билим берүү чɵйрɵсүндɵ АИВ инфекциясынын коркунучун алдын алуу тууралуу маалыматтарды таркатуу.

Кереге отурумдун коноктору:

Программа

1. Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси - Абдылдаева Гульшан Кушбековна. Тема: «КР билим берүү уюмдарынын АИВ-инфекциясынын алдын алуу боюнча иштеринин жыйынтыктары».

 

 

2. «Дени сак муун» долбоорунун жетекчиси - Горкина Валентина Андреевна. Тема: «КРдагы АИВ – инфекциясы боюнча кырдаалдар жана аракеттик чаралар».

 

 

3. КР ССМдин РДСЧБнын директорунун орун басары - Усупова Жамиля Эриковна. Тема: «КР РДСЧБнун АИВ-инфекциясынын алдын алуу боюнча иштери».

 

 

4. Бишкек ш. № 4 мектеп гимназиясынын директорунун илим боюнча орун басары - Савочкина Вера Владимировна. Тема: «Ден соолук мектеби».

 

5. М.Р. Рахимова атындагы квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун окутуучулары жана студенттери.

 

 

 

 

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, М. Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун Психологиялык-педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасы тарабынан уюштурулган тренинг-семинар 23-ноябрда саат 10-00 п.и.д., проф. С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университеттинин ректору Сияев Таштанбек Моңолдоровичтин “Ийгиликтин булагы” аттуу китебинин ачылыш кечесинде семинар тренинг өткөрүлдү.

Семинар тренингде   М. Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун директору проф Акиева Г.С. семинарды ачып берди. Ж.Баласагын атындагы КУУнин филология илимдеринин доктору, профессор Маразыков Турусбек Маразыкович семинарда сөз сүйлөдү.  Семинар тренинг М. Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун  окутуучулары жана магистранттары катышты. Семинар-тренинг эң жогорку деңгээлде өткөндүгүн окутуучулар жана магистранттар өздөрүнүн ыраазычылык сөздөрүндө келтиришти.

 

 

 

12-ноябрда М.Р. Рахимова атындагы КЖжана ККДИнун Психология-педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасын тарабынан  Илим күнүнө карата “М.Р.Рахимова Кыргыз педагогикасынын-кыраан кызы” аттуу илимий-семинар болуп өттү.

Магрифа Рахимовна Кыргыз Республикасындагы бирден бир ачык жаркырап турган илим жылдыздарынын бири болуп саналат. Эже улуу-кичүүгө, коомдук абалына карабай адамдын адамгерчилигине карата мамиле кылган калыстыгынан танбаган улуу инсан эле. Жетекчи катары институттун иштерине гана көңүл бөлбөстөн, алардын жеке турмуштарына дагы көңүлүн буруп, көптөгөн жылдар бою топтолгон тажрыйбасынан бөлүшүп, акылын аябай айтып турчу. Магрифа Рахимовна жаштар үчүн чыныгы идеал окумуштуу инсан эле.Магрифа Рахимовнанын 400ден ашык басма табак көлөмдө, анын ичинде 250 илимий, 8 моно­графия, 2 хрестоматия жана 6 окуу китеби жарык көргөн. Эженин жетекчилиги астында 22 кандидаттык жана 2 докторлук иш корголон..

Магрифа Рахимовнанын үзүрлүү эмгеги эл алдында бааланып төмөндөгүдөй сыйлыктарга татыктуу болгон: «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «В.И.Лениндин туулган күнүнө 100 жыл», «Манастын 1000 жылдыгы» медалдары, «СССРде жогорку мектептеги жетишкен ийгилиги үчүн» ардак белгиси менен, «Кыргыз ССРинин би­лим берүүсүнүн отличниги», «СССР эл агартуусунун отлични­ги», «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер», «И.Арабаев атындагы сыйлыктын лауреаты», «Даңк» медалы.  Эже­нин туулган Челпек айылындагы орто мектепке Магрифа Рахимов­нанын ысымы ыйгарылган.

Магрифа Рахимова менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин жааматы гана эмес бүткүл кыргыз эли сыймыктанат. Эженин   эмгеги эч качан унутулбайт.

 

 

Ко дню науки совместно ИПКиПК М.Р. Рахимовой КГУ им. И. Арабаева и ЭД «Биом» 01.11.19 г. в 14.00 ч. проведена Зеленой дискуссия на тему: «Экосистемный подход в экологической проблематике: новые подходы и решения».

Участники:

-Каниметов Э. Ж., проректор по науке КГУ им.И.Арабаева,

- Байбакпаев Э. Ж., депутат ЖК КР,

- Тыныбеков А. К., Институт биотехнологии НАН КР,

- Жакинова И. К., ЭКОИС,

- Хаджамбердиев И., НПО Антитоксичная сеть,

- Асанбекова С. Э., biopark.kg.

- Мамыров Н.У., Фонд Илбирс,

- Айтмахунова Ч. C., Зеленый Альянс

- Жуманов М., CAMP Alatoo                                                                                                                                              

-преподаватели КНУ им. Ж. Баласагына, ИПКиПК М. Р. Рахимовой, ФЭиТ, КГУ им. И. Арабаева, ООСиРИПР, КГУГДиОПР им. У. Асаналиева.

В дискуссии приняли участие более 40 человек.

С приветственным словом выступил проректор по науке КГУ им. И. Арабаева Каниметов Э. Ж. В своем выступлении он отметил важность сохранения биоразнообразия и уделять должное внимание к проблемам экологии. В конце выступления Эмиль Жангорозович предложил начать обсуждение с минуты молчания в память нашего великого соотечественника Эмиль Джапаровича Шукурова, который в своих работах продвигал экосистемные принципы сохранения биоразнообразия.

В рамках Зеленой дискуссии по сохранению биологического разнообразия выступил депутат Парламента Кыргызской Республики Экмат Байбакпаев. Зеленая дискуссия была организована совместно ИПКиПК им. М. Рахимовой КГУ им. Арабаева, Экологическим движением «БИОМ» и Зеленым Альянсом на базе Центра безопасности и толерантности ИПКиПК им. М. Рахимовой КГУ им. Арабаева. Центр был создан в рамках проекта «Развитие механизмов финансирование безопасности школьной образовательной среды в КР» при финансовой поддержке Европейского Союза и продолжает свою работу.

Дискуссия проводилась с целью обсуждения новых подходов к сохранению биоразнообразия и разработки рекомендации для всех вовлеченных групп (государство, образовательные организации, гражданское общество, местное самоуправление, бизнес) по продвижению экосистемного подхода в природоохранной деятельности.

В рамках дискуссии участники обсудили законодательные инициативы, в том числе ситуацию с мораторием на некоторые виды животных, рамки государственной политики, новые международные подходы к сохранению как видов, так и экосистем.

В качестве рекомендаций было предложено вести работу по сохранению и продвижению традиционных знаний, сохранению генетического разнообразия страны, разработке и тиражированию существующего опыта местных общин по созданию микрозаповедников, всесторонней поддержке инициатив по сохранению целостных природных комплексов и экологических систем (в особенности озера Иссык Куль), раскрытию для общественности информации об исследованиях и результатах международных проектов, разработке законопроекта о Красной Книге, в том числе Красной Книге Экосистем и многое другое.

ИПКиПК М.Р. Рахимовой КГУ им. И. Арабаева и Экологическое Движение «БИОМ» благодарят всех, кто принял участие в дискуссии и внес вклад в разработку рекомендаций.

 

 

И. Арабаев атындагы КМУнун М.Р.Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун уюштуруусунун негизинде 2019-жылдын 6-ноябрында Илим күнүнө карата “Айгине” маданий изилдөө борборунун “1916-жылдагы Үркүн жөнүндө жаңы маалымат алуу үчүн Борбор Азия академиялык коомчулуктарын бириктирүү жана этникалык, саясий аялуу темалары боюнча маалыматтарды алмашуу жана таратуу үчүн жалпы платформаларды түзүү” долбоорунун интерактивдик картография түзүүнүн жыйынтыктары боюнча семинары болуп өттү. Семинардын алгачкы сөзүн И. Арабаев атындагы КМУнун ректору профессор Т. А. Абдырахманов ачып берди. Андан кийин Илим боюнча проректор Э.Ж. Каниметовго, Мамлекеттик тил жана коммуникация боюнча проректор Н.Ж. Эсенгуловго, Институттун директорунун орун басары А. Самыйкановго сөз берилди. Андан кийин түзүлгөн программага ылайык иш-чарага чакырылган коноктор: Г.А.Айтпаева-Айгине маданий-илимий изилдөө борборунун жетекчиси, Катрин Пужоль-Борбордук Азияны изилдөө боюнча Француз Институтунун жетекчиси, Асель Даниярова-Санжарбек Данияровдун Фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси, т.и.к., Джамиля Маджун-КР УИАнын доценти, Мурат Иманкулов–Кыргыз билим берүү академиясынын тарых-коом таануучулук жана эстетикалык предметтер лабор-нын башчысы п.и.к., доцент ж.б. чыгып өздөрүнүн проекттеринин алкагындагы изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, 1916-жылдагы көтөрүлүш жана карталарды түзүүгө катышуу, интерактивдик карталар тууралуу докладдарын айтып беришти.  Ошондой эле түзүлгөн карталардын 5-кыргызча, 5-орусча түрүнөн 10-даана И. Арабаев атындагы КМУга белекке беришти. Мындан сырткары аталган семинарга университеттин курамдарынан профессорлор, окутуучулар жана студенттер, институттун жалпы жамааты дагы активдүү катышышты.

Семинардын модератору, уюштуруучуларынын бири т.и.к., доцент Г.К. Абдалиева, техникалык жана массалык маалымат жактан уюштуруучу Д.Шаршеновалар болушту.

            Семинарды ЭЛТР жана Алатоо 24 телеканалдары келип тартып кетишти.

 

И. Арабаев атындагы КМУнун М.Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун уюштуруусунун негизинде 2019-жылдын 5-ноябрында Илим күнүнө карата “И. Арабаев –Алгачкы агартуучу жана коомдук ишмер”

деген аталышта семинар болуп өттү. Семинардын алгачкы сөзүн И. Арабаев атындагы КМУнун Илим боюнча проректору Э. Ж. Каниметов ачып берди. Андан кийин Институттун директорунун орун басары А. Самыйканов сөз сүйлөп, программа боюнча семинарды алып барды. Семинарда фил.и.д., профессор С. Б. Байгазиев, п.и.д., профессор А. М. Муратов, филос.и.д., профессор М. М. Амердинова, т.и.к., доцент Байдилдеевдер   И. Арабаевдин Алиппеси, билим берүү багытындагы белгилүү инсан экендиги, билим берүүдөгү ишмердүүлүгү жана И. Арабаевдин жаӊы табылгалары тууралуу маалыматтарды берип, кызыктуу баяндарын жасашты.

Семинарды Институттун Психологиялык-педагогикалык жана гуманитардык дисциплиналар кафедрасы уюштуруп, магистранттарга жана студенттерге о.э. жалпы эле  катышкандардын бардыгына жакшы маалыматтарды түзүп беришти.

26 июня 2019 года на базе ИПК и ПК им М.Рахимовой  был пилотировано УМК курсов повышения квалификации для преподавателей ВУЗа по "Безопасности образовательной среды".

24.05.2019г. ППС института ИПК и ПК им. М. Р. Рахимовой принимали участие в семинаре "Эффективное формирование и актуализация рабочих программ дисциплин с помощью специальных автоматизированных решений ЭБС IPR BOOKS".


2019-жылдын 15 майында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чоң жыйындар залында М.Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институту Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Орусиянын педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын анык мүчөсү  Рахимова Магрифа Рахимовнанын 90 жылдыгына жана М.Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына арналган «Ааламдашуу процесстеринин шартында билим берүү системасын модернизациялоо» аттуу  Эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурду.

Конференциянын алдында атайын китеп көргөзмөсү уюштурулган.

Конференциянын ачылыш алдында Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, педагогика илимдеринин доктору, профессор М.Р. Рахимованын жаркын элесине арналган атайын тасма көрсөтүлдү.

Андан соң Республиканын бардык булуң-бурчунан  келген билим берүү жаатындагы илимий тармактын көрүнүктүү өкүлдөрү,  ЖОЖдордун профессордук-окутуучулар курамдарынын, орто мектептеринин, балдар бакчаларынын өкүлдөрү, Магрифа Рахимовнанын докторанттары, аспиранттары жана С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору пед.и.д., профессор Сияев Таштанбек Моңолдорович өзүнүн жетектеген жамаатынын мүчөлөрү менен, Казакстандан атайын келген Халитова Исламия Рамазановналар катышып, баяндамаларын жасашып, куттуктоолорун айтышты.

Пленардык отурумдан кийин эки секция иш алып барды:

Психологиялык-педагогикалык жана гуманитардык билим берүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү

Модератор: Турусбекова А.Э., педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, ППжана ГБ кафедрасынын башчысы.                                                             

 

"Билим берүү системасындагы табигый-математикалык багыттын өнүгүү абалы жана жолдору".  модератор: Тюменбаева Н.Б., биология илимдеринин кандидаты,  Табигый –математикалык билим берүү кафедрасынын башчысы.

окут. Конушбаева А.К. с докладом “Эӊ кымбат баалуу мурас – тарбиялуулук, ага математиканын салымы”,  

Ж.Баласагын ат. КУУнун Биология факультетинин доценти б.и.к, Сооданбекова Алтынкыз Сооданбековна:«Заманбап мектепте экологиялык билим берүүдө байкоо жүргүзүү методун пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү».

Биология ж/а химия факультетинин жалпы биология ж/а аны окутуунун технологиясы кафедрасынын  магистранты И.Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти Сатыгулова А.А. - Бөйрөк оорусу: этиологиясы жана диагностикасы.

Илимий –практикалык конференциянын жыйынтыгында Резолюция кабыл алынды.

09.05.2019г. ППС института ИПК и ПК им. М. Р. Рахимовой принимали участие в шествии "Бессмертный полк" посвященной ко Дню Победы в Великой Отечественной Войне.

 

 И. Арабаев ат. КМУнун М. Р. Рахимова ат. КЖ ж/а ККД институтунда 2019 жылдын 19-апрелинен 29-апрелине чейин «Мектеп китепканачыларынын ишмердигиндеги инновациялык иштер»деген темада квалификацияны жогорулатуу курсу башталды. Бул курска Ош областынын райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн жетектөөчү адистер жана мектеп китепканаларында иштеген кызматкерлер, китепканачылар, методисттер келип өтүшүүдө. 2019 жылдын 22 апрелинде бул курстун биринчи сааттарын тренер, п.и.к., доц. Давлетярова Нурила Айтбаевна өткөрдү.

 

И.Арабаев ат. КМУнун Маркетинг кызматы бөлүмүнүн башчысы Абдиев Жээнбек Сейиталиевич М.Р. Рахимова ат. КЖжККД институтунда өтүп жаткан квалификацияны жогорулатуу боюнча курска Ош областынан келишкен районолордун жетектөөчү кызматкерлери, методисттери жана китепкана кызматкерлери менен жолугушуп, таанышып кыскача маек курушту. Бул курстун угуучулары   И.Арабаев ат. КМУжана анын техникалык базалары, өзгөчө электрондук китепканасы жана курс өтүп жаткан институттун мүмкүнчүлүктөрү абдан кенен экендигин белгилеп өтүштү. Ошондой эле жаңы керектүү маалыматтарды алгандыгын айтышып, ректоратка, институттун жетекчилигине жана курстун тренерлерине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

05.04.2019. ППС кафедры ЕМД ИПК и ПК им. М. Р. Рахимовой проводили и участвовали  в учебно-методическом семинаре на тему: «Подходы к внедрению проблем биоразнообразия и опустынивания в образовательные программы». На семинаре с докладами выступали доц. Тюмонбаева Н.Б. и ст.преп. Казыбекова А.А.

 

13.04.2019. Участие ППС кафедры ЕМД на 7 Фестивале образования на тему: “Цифровое поколение Кыргызстана: ИКТ в образовании и ITобразование” организованная фондом Р. Отунбаевой. Доклад читали на тему: Использование интерактивной доски в учебном процессе. (Керимканова У.А., Касымалиев М.У.,    Жуманова Г.Т.).

 

19.04.2019. ППС кафедры ЕМД ИПК и ПК им. М.Р. Рахимовой проводили  учебно-методический семинар на тему: «Использование современных информационных и образовательных технологий и их применения в учебном процессе (по предметам Естественно-научного образования)». На семинаре с докладами выступали доц. Молдошев К.О., ст.преп. Доолотказиев Т.Т.

 

21.11.2018. Үй- бүлөдө баланын сүйлөөго стимулдаштыруунун усулдары жана ыкмалары. (доц. Рахимова Ж.Т.) 

 

26.09.2018. Семинардын темалары: Студенттердин өз алдынча иштеши  алардын негизги ишмердүүлүгүндө жеке  чыгармачылык потенциалынын өнүгүү каражаты катары. (Мамытканова Г.Н.) 

Top