Диссертациялык кеңештин отуруму Главная
2021-04-16
И.Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университети жана К.Карасаев ат. Бишкек мамлекеттик университетине караштуу филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча түзүлгөн Д 10.19.594 диссертациялык кеңешинин кезектеги отуруму 2021-жылдын 16-апрелинде саат 14.00дө болот.
Жыйын орду: И.Арабаев ат. КМУ, Илимий китепкана.
Күн тартибиндеги маселелер:
- Алишова Махабат Култаевнанын “Англис жана кыргыз тилдеринде дүйнөнүн тилдик сүрөтүн салыштырып изилдөө (көркөм, стилистикалык тилдик каражаттардын негизинде) аттуу 10.02.20 – тектештирме - тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими адистиги боюнча филология илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясын алдын ала коргоодон өткөрүү.
2. Дарбанов Маккамбай Ерматовичтин “Дүйнөнүн конгнитивдик-тилдик сүрөтүндөгү «адам» концепти” аттуу 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясына бекитилген эксперттик комиссиянын корутунду пикирин угуу.