Диссертациялык кеңештин отуруму Главная
2022-03-31
И.Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университети жана К.Карасаев ат. Бишкек мамлекеттик университетине караштуу филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын коргоо боюнча түзүлгөн Д 10.22.644 диссертациялык кеңешинин кезектеги отуруму 2022-жылдын 31-мартында саат 10.00дө жана 14.00 дө болот.
Жыйын орду: И.Арабаев ат. КМУнун илимий китепканасы, И.Раззаков к., 51А.
Күн тартибиндеги маселелер:
1. Сабиралиева Замира Маметовнанын “Концепт “Юмор” в ментальной семантике языка” аттуу 10.02.19 – тилдин теориясы адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын ачык коргоосу.
2. Шаршеева Камиля Каныбековнанын «Азыркы кыргыз тилинде кыймыл-аракеттин чактык локалдашуусу жана анын аспектуалдык маанилер менен байланышы» аттуу 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын ачык коргоосу.