Диссертациялык кеңештин отуруму Главная
2022-05-26
И.Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университети жана К.Карасаев ат. Бишкек мамлекеттик университетине караштуу филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын коргоо боюнча түзүлгөн Д 10.22.644 диссертациялык кеңешинин кезектеги отуруму 2022-жылдын 26-майында (№ 9 токтом) саат 14.00дө болот.
Жыйын орду: И.Арабаев ат. КМУнун илимий китепканасы.
Күн тартибиндеги маселелер:
1. Кайымова Парида Мурзакамиловнанын «Салыштыруу функционалдык-семантикалык алкак катары» аттуу 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын алдын ала коргоосу.
2. Ток Невзаттын “Кыргыз жана түрк тилдериндеги кийим-кечек аталыштарынын салыштырма типологиясы (Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романынын материалдары боюнча)” аттуу 10.02.06 – түрк тилдери адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын алдын ала коргоосу.
3. Ар түрдүү маселе.
24.05.2022-ж