Диссертациялык кеңештин отуруму Главная
2019-12-20
2019-жылдын 20-декабрында И.Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университети жана К.Карасаев ат. Бишкек мамлекеттик университетине караштуу филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча түзүлгөн Д 10.19.594 диссертациялык кеңештин кезектеги кеңешмеси болду.
Кеңешмеде төмөнкү изденүүчүлөрдүн диссертацияларынын ачык коргоосу болду.
1. Шерова Атыргүл Каарбаевнанын «Манас” эпосунун фоностатистикасы» аттуу 10.02.01 - кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясы.
2. Тургунбаева Сеил Жеңишбековнанын «Тексттеги синтаксистик параллелизм» аттуу 10.02.19 – тилдин теориясы адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясы.