Алишова Махабаттын докторлук диссертациясынын коргоосу Главная

2021-04-23 в 12:00:00

Илимдин докторуокумуштуулук даражасын алуу үчүн диссертацияны коргоо жөнүндөгү

ЖАРЫЯ

2021-жылдын 21-майындасаат10:00дө Бишкек ш., И.Раззаков көчөсү, 51Адареги боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине караштуу филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча түзүлгөн Д 10.19.594 диссертациялык кеңештинжыйынында Алишова Махабат Култаевнанын «Англис жана кыргыз тилдеринде дүйнѳнүн тилдик сүрѳтүн салыштырып изилдѳѳ  (кѳркѳм, стилистикалык жана тилдик каражаттардын негизинде)”  деген темада 10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илимиадистиги боюнча филология илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын коргоосу болот.

Конференциянын идентификатору: 776 164 8695; байланышуу коду: 12511.

           Илимий  жетекчиси:       

            Караева Зина - филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстан эл аралык университенин Лингвистика жана чөлкөм таануу факультетинин  филология кафедрасынын башчысы

 

Расмий оппоненттер:    

            Найманова Чолпон Капаровна- филология илимдеринин доктору,  профессор, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Батыш тилдер бөлүмүнүн башчысы

                                         

            Кадырова Шарийпа -  филология илимдеринин доктору, И.Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университетинин Манастаануу жана лингвистика институтунун англис тилинин теориясы, технологиясы жана практикасы кафедрасынын профессору

           

            Абдувалиев Ибраим– филология илимдеринин доктору, профессор, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессору

 

Жетектөөчү мекеме:      Ош мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин роман-герман филологиясы кафедрасы. Дареги: 723500, Ош шаары, Ленин к., 331.                                      

Диссертациялык иш менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (720026, Бишкек ш., И.Раззаков, көчөсү, 51А) жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин (720044, Бишкек ш., Ч.Айтматов проспектиси, 27) илимий китепканаларынан, ошондой эле диссертациялык кеңештин расмий сайтынан (www.arabaev.kg)таанышууга болот.