Дарбанов Маккамбай Ерматовичтин докторлук диссертациясынын коргоосу Главная

2021-06-25 в 10:00:00

Илимдин докторуокумуштуулук даражасын алуу үчүн диссертацияны коргоо жөнүндөгү

ЖАРЫЯ

2021-жылдын 25-июнундасаат10:00дө Бишкек ш., И.Раззаков көчөсү, 51Адареги боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине караштуу филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча түзүлгөн Д 10.19.594 диссертациялык кеңештинжыйынында Дарбанов  Маккамбай  Ерматовичтин «Дүйнөнүн когнитивдик-тилдик сүрөтүндөгү «адам» концепти» деген темада 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын коргоосу болот.

Ачык коргоо трансляциялануучу видео-порталдын дареги: https://vc.vak.kg

           

Илимий  жетекчиси:       

            Зулпукаров Капар Зулпукарович,филология илимдеринин  доктору, профессор, Ош мамлекеттик университетинин Лингвистикалык изилдөөлөр борборунун директору 

 

Расмий оппоненттер:    

            Жумалиев Самат Субанкулович,филология илимдеринин доктору, доцент, Талас мамлекеттик университетинин окуу жана илимий иштери боюнча проректору 

           

            Саматов Кубат, филология илимдеринин доктору, доцент, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессор Т.Ахматов атындагы кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу  

 

            Нарынбаева Бактыгүл Борбиевна, филология илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз-кытай факультетинин кытай тили жана адабияты кафедрасынын профессору

 

           

Жетектөөчү мекеме:      К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасы. Дареги: 722200, Каракол шаары, Ж.Абдрахманов көчөсү, 103.

Диссертациялык иш менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (720026, Бишкек ш., И.Раззаков, көчөсү, 51А) жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин (720044, Бишкек ш., Ч.Айтматов проспектиси, 27) илимий китепканаларынан, ошондой эле диссертациялык кеңештин расмий сайтынан (www.arabaev.kg)таанышууга болот.

 

Диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысы,

      ф.и.к., доцент                                                                                                                  С.К.Каратаева