Шерова Атыргүл Каарбаевнанын кандидаттык диссертациясынын коргоосу Главная

2019-12-20 в 10:00:00

Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн диссертацияны коргоо жөнүндөгү

ЖАРЫЯ

2019-жылдын 20-декабрындасаат10:00дө Бишкек ш., И.Раззаков көчөсү, 51Адареги боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине караштуу филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча түзүлгөн Д 10.19.594 Диссертациялык кеңештинжыйынында Шерова Атыргүл Каарбаевнанын«Манас» эпосунун фоностатистикасы»деген темада 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын коргоосу болот.

        

Илимий  жетекчиси:         Ташполот Садыков - филология илимдеринин доктору, К.Карасаев атындагы БГУнун кыргыз жана түрк тилдеринин теориясы кафедрасынын профессору

                                    

Расмий оппоненттер:   Жумалиев Самат Субанкулович- филология илимдеринин доктору, доцент, Талас мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил боюнча проректору

                                          

                                          Абдыкалыкова Айсулуу Айтыкуловна - филология илимдеринин кандидаты, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасынындоценти

 

Жетектөөчү мекеме:К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасы. Дареги: 722200, Каракол шаары, Ж.Абдрахманов көчөсү, 103.

                                      

Диссертациялык иш менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (720026, Бишкек ш., И.Раззаков, көчөсү, 51А) жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин (720044, Бишкек ш., Ч.Айтматов проспектиси, 27) илимий китепканаларынан таанышууга болот.