Кандидаттык диссертацияны алдын ала коргоо Главная
2020-03-14 в 10:00:00
ЖАРЫЯ
2020-жылдын 14-мартында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча уюштурулган Д 13.18.577 диссертациялык кеңешинин жыйыны болуп өтөт.
Дареги: 720026, Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 51.
Күн тартибинде:
1000дө Темирбаев Медербек Маматибраимовичтин “Негизги мектепте кванттык физиканын мазмунун жана окутуу методикасын өркүндөтүү” аттуу темадагы 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (физика) адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын алдын ала коргоосу.
Илимий жетекчи: Мамбетакунов Эсенбек, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, педагогика илимдеринин доктору, профессор