Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан спорттук мелдеште И. Арабаев атындагы КМУнун 40 жашка чейинки окутуучулары волейбол оюнунан К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окутуучуларын 2:0 эсебинде жеңип алышты.
Оюндун жүрүшүнө К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, профессор Рысбек Нургазиев да катышты.
Эртең, 23-июль күнү агайларыбыз Баткен мамлекеттик университетинин агайлары менен таймашка чыгышат. Ал эми 40 жаштан жогорку агайлар кечээ күнү Ош мамлекеттик техникалык университетинин агайлары менен беттешип, алардан 2:0 эсебинде жеңилип калышкан.
Ал эми КМУнун кыздары буга чейин Ош мамлекеттик техникалык университетинин кыз-келиндерине жеңилишкен.
Айымдар арасында өтүп жаткан тогуз коргоол оюнунан КМУнун айымдары 4 упай менен алдыга озуп келе жатат.
Cпорттук оюндар 27-июнга чейин уланат.