Жогорку окуу жайлар арасында өткөн спорттук мелдеш жыйынтыкталды.
Posted By: Admin Дата: 2022-06-27 08:24:44 Просмотров:1504

Чолпон-Ата шаарында өткөн спорттук мелдештерде И. Арабаеватындагы КМУнун командасы төмөндөгүдүй орундарга ээ болушту.

Тактап айтсак,  40 жашка чейинки агайларыбыз 3-орунду алышты. Биринчи орунду ОшМУ багындырса, экинчи орунду ОшТУ, ал эми төртүнчү орунду К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин агайлары жеңип алышты.

40 жаштан жаштан жогорку спортту сүйгөн агайларыбыз төртүнчү орунду алышты. Баткен жана Ош облусундагы университеттерден келген командаларга алдыңкы орундарды тарттырып жиберишти. КМУнун кыз- келиндери бул ирет жеңишти камсыздай алышкан жок.

Эске салып айтсак, 20-июндан 27-июнга чейин Чолпон-Ата шаарында, көлдүн жээгинде КРнын Жаштар иштери дене тарбия жана спорт агенттиги уюштуруусу менен “Ден соолук-2022” аталышындагы жогорку окуу жайлар арасында спорттук мелдештер өткөрүлдү.  Аталган спорттук мелдештерге 16 команда катышып, мөрөй талашты.


Top