• КМУнун профсоюз уюмунун төрагасы Назар Доктурбек уулу ““эң мыкты оюнчу” наминациясына ээ болду.

    Ысык-Көлдө өткөн “Ден соолук 2022” спорттук оюндарда футбол боюнча мелдеште КМУнун 40 жаштан жогорку жаштагы агайлары 3-орунду багындырышты. Биринчи орунду Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын окутуучулары алса, 2- орунду Бишкек мамлекеттик гуманитардык университетинин окутуучулары ээлешти. Ошондой эле И. Арабаев атындагы КМУнун профсоюз уюмунун төрагасы Назар Доктурбек уулу волейболдон жакшы оюн көргөзүп, “эң "мыкты тосмочу” наминациясына ээ болду.

    Дата:2022-06-27 09:22:12 Просмотров2128 :: Подробнее...
  • Жогорку окуу жайлар арасында өткөн спорттук мелдеш жыйынтыкталды.

    Чолпон-Ата шаарында өткөн спорттук мелдештерде И. Арабаеватындагы КМУнун командасы төмөндөгүдүй орундарга ээ болушту. Тактап айтсак, 40 жашка чейинки агайларыбыз 3-орунду алышты. Биринчи орунду ОшМУ багындырса, экинчи орунду ОшТУ, ал эми төртүнчү орунду К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин агайлары жеңип алышты. 40 жаштан жаштан жогорку спортту сүйгөн агайларыбыз төртүнчү орунду алышты. Баткен жана Ош облусундагы университеттерден келген командаларга алдыңкы орундарды тарттырып жиберишти. КМУнун кыз- келиндери бул ирет жеңишти камсыздай алышкан жок.

    Дата:2022-06-27 08:24:44 Просмотров1505 :: Подробнее...
  • Ысык-Көлдө өтүп жаткан спорттук оюндарда КМУнун агайлары К.И. Скрябин атындагы КНАУнун агайларын 2:0 эсебинде жеңип алышты.

    Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан спорттук мелдеште И. Арабаев атындагы КМУнун 40 жашка чейинки окутуучулары волейбол оюнунан К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окутуучуларын 2:0 эсебинде жеңип алышты. Оюндун жүрүшүнө К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, профессор Рысбек Нургазиев да катышты. Эртең, 23-июль күнү агайларыбыз Баткен мамлекеттик университетинин агайлары менен таймашка чыгышат. Ал эми 40 жаштан жогорку агайлар кечээ күнү Ош мамлекеттик техникалык университетинин агайлары менен беттешип, аларды 2:0 эсебинде жеңилип алышкан.

    Дата:2022-06-22 13:19:06 Просмотров1910 :: Подробнее...
  • КМУнун “Билим” командасы тилекке каршы 4-орунду алды

    И. Арабаев атындагы КМУнун "Билим" командасы Ош шаарында өтүп жаткан КРнынын волейбол оюну боюнча уландар арысында XIV-чемпионатына катышты. lll-турдун жыйынтыгы менен университеттин “Билим” командасы тилеке каршы 6 командадан 4- орунду багындырды. Сиздерге мындан ары дагы талыкпаган эмгек жана ийгиликтүү машыгуу каалайбыз. Кийинки жылы жогорку лигада жеңишти камсыздап, улуттук лигага өтүшүңүздөргө тилектешпиз. Сиздерди биз улуттук лигадан көргүбүз келет.

    Дата:2022-06-21 08:19:00 Просмотров2566 :: Подробнее...
  • КМУнун окутуучулары Ысык-Көлдө өтүүчү университеттер аралык спартакиадага катышат.

    И. Арабаев атындагы КМУнун окутуучуларынан турган атайын команда Ысык-Көл облусунда өтүүчү университеттер аралык спартакиадага катышат. Курама команда менен университеттин ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов жолугуп, катышуучуларга ийгилик каалап узатты. Маалым болгондой, 20-27- июнь күндөрү Чопон- Ата шаарында жогорку окуу жайлар арасында споттук мелдеш болмокчу.

    Дата:2022-06-20 11:36:46 Просмотров1632 :: Подробнее...
Top