• КМУнун студенти Кыргызстандын чемпиону болду

    И. Арабаев атындагы КМУнун Дене тарбия бөлүмүнүн 3- курсунун студенти, бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиону Эсенбек уулу Тамчы университеттин ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абыловичтин кабыл алуусунда болду. Ректор балбанды жеңиши менен куттуктап, спорттогу мындан аркы аракетине албан ийгиликтерди каалады. Эске салсак, Эсенбек уулу Тамчы жакында эле өткөн бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаттыгында экинчи орунду багынткан.

  • ЖОЖдор аралык спорттук беттеште КМУнун мугалимдери алдыңкы орунду ээлешти

    Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына жана Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата И. Арабаев атындагы КМУда жана Ж. Баласагын атындагы КУУда ЖОЖдор аралык спорттук таймаш өткөрүлдү. Анда 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогоркулар болуп күч сынашышты. 40 жашка чейинкилер Кулумбаев Тимурлан, Баястанов Нурпаис, Баясбек уулу Бакыт, Кылыков Бейшенкул, Абдыйсаев Жээнбек, Ирискулов Алмаз ж.б. окутуучу агайларыбыз Ж. Баласагын атындагы КУУда спорттун валейбол түрү боюнча күч сынашып, борбор калаа Бишкектеги жогорку окуу жайлардын арасынан биринчи орунду багындырышса, 40 жаштан жогоркулар Амиров Исматилла, Назар Догдурбек уулу, Самаров Айбек, Аблылдаев Кадыр, Асаналиев Кылыч, Дыйканов Ильичбек, Нурматов Муктар, Казыев Акбарали ж.б. агайлар И. Арабаев атындагы КМУнун спорттук залында беттешип, экинчи орунду ээлешти

  • КМУда “Ден соолук”- 2020 аталышындагы спартакиада жыйынтыкталды

    27- январда И. Арабаев атындагы КМУда “Ден соолук”- 2020 аталышындагы профессордук-окутуучулар курамынын арасында өткөн спартакиада соңуна чыгып, анын салтанаттуу жабылышы болду. Иш-чарага университеттин ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович, Жаштар иштери жана спорт боюнча проректор Мелис Оңолбаев, Окуу иштери боюнча башкармалыктын башчысы Октябрь Капалбаев жана ошондой эле институттардын директорлору жана факультеттердин декандары катышышты

  • И. Арабаев атындагы КМУда профессордук-окутуучулар курамынын арасында спартакиада башталды

    И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Ден соолук”- 2020 аталышындагы профессордук-окутуучулар курамынын арасында спартакиада башталды. Иш чаранын ачылышына университеттин ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович баштаган окуу жайдын жетекчилиги катышты. 13- январдан 27- январга чейин боло турган мелдеште аялдар жана эркектер арасындагы командалар стол үстүндөгү теннис, тогуз коргоол, шахмат, футбол, волейбол оюндары боюнча күч сынашат. Аталган иш-чараны И. Арабаев атындагы КМУнун дене тарбия бөлүмү, ректорат менен биргеликте уюштурууда

  • "Качества образования и мониторинга" совместно с отделом "Информационных технологий".

    01.11.2019г. на Отделении физическгой культуры (ОФК) и на Факультете гуманитарных знаний (ФГЗ) КГУ им. И. Арабаева для студентов 2-3-4 курсов было проведено электронное анкетирование "Преподаватель глазами студентов" (Приказ №01-8/657 от 22.10.2019г.). Анкетирование было организовано отделом "Качества образования и мониторинга" совместно с отделом "Информационных технологий".

Top