• КМУнун "БИЛИМ" КОМАНДАСЫ ОШ ШААРЫНДА ВОЛЕЙБОЛДУК ТУРНИРГЕ КАТЫШТЫ

    Ош шаарында волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө. Ага И.Арабаев атындагы КМУнун студенттерден түзүлгөн "Билим" командасы катышты. Мелдеш 15-июнда башталган жана 19-июнга чейин өттү. Биринчи беттеште "Билим" жана Теңиртоо командалары ойноп 3:1 эсебинде "Теңиртоо" командасы утуп алды. Экинчи оюнда "Билим" Жалал-Абаддын клубу менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңип алды.

    Дата:2022-06-20 10:29:10 Просмотров6816 :: Подробнее...
  • КМУнун жаштары мелдешип футбол ойношууда

    Күн жылып, жаз келгенден бери И. Арабаев атындагы КМУнун жаш окутуучулары, ректораттын жаш кызматкерлери, инжинер- техникалык кызматтын кызматкерлери окуу жайга жакын жайгашкан лицейдин футбол аянтчасында жуманын ар жекшемби күндөрү футбол ойноп, спортко көңүл буруп, ден соолуктарын чыңдашууда. Окуу жайдын келечеги болгон жаштарга баракелде демекчибиз!

    Дата:2022-05-16 14:19:58 Просмотров1519 :: Подробнее...
  • КМУнун студенттери ЖОЖдор арасында өткөн дзюдо боюнча мелдеште 1- орунду багындырышты

    2022- жылдын 12 -апрелинде ЖОЖдор арасында өткөрүлгөн Универсиаданын 1-лигасында дзюдо боюнча мелдеште И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери 1-орунду багынтып, кубок медаль жана 25000 сом сыйлык менен сыйланышты. Жеңишти камсыздап, университеттин намысын коргогон команданын мүчөлөрү: Субанбеков Эдилбек, Таштанов Сабит, Жуманазаров Ратбек, Абасбеков Эрбол, Ишенбаев Аскарбек, Ишенбаев Анарбек, Унгаров Бозорбой. Университеттин жетекчилиги жана жана дене тарбия бөлүмү аттары аталган студенттер менен сыймыктанат!

  • Ректор Төлөбек Абдырахманов спорттук залдын ремонттон кийинки абалы менен таанышты

    Бүгүн, 5- апрелде И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов университеттин чарба иштери боюнча проректору Амангелди Сыйырбеков менен бирге университеттин №3 корпусундагы спорттук залдын ремонттон кийинки абалы менен таанышты. Эске салсак, И. Арабаев атындагы КМУда 2 чоң спорттук зал бар. Учурда бир зал толук ремонттолуп, жуунучу жай, мугалимдер отурчу аудиториялык бөлмөлөрдөн бери ремонттолду. Жакынкы убактарда окуу жайдын башкы корпусунда жайгашкан экинчи спорттук зал да толук капиталдык ремонттон өтөөрү күтүлүүдө.

    Дата:2022-04-05 15:33:32 Просмотров1718 :: Подробнее...
  • КМУнун үч студенти шахмат боюнча өткөн республикалык турнирде 1- орунду багынтышты

    И. Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултанов шахмат боюнча студенттер аралык республикалык турнирде 1- орунду алган студенттерди кабыл алып, жеңиши менен куттуктады. Шахматты мыкты ойноп, ийгилик жараткан студенттердин экөө физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин студенти болсо, бирөө мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенти. Иш- чарага университеттин Жаштар иштери боюнча бөлүмдүн башчысы Азамат Айдаров да катышты. Эске салсак, КМУнун үч студенти республикалык турнирде 1- орунду багынтышты.

    Дата:2022-03-29 10:14:50 Просмотров2343 :: Подробнее...
Top